Абанын сапаты боюнча жылдык отчет: декабрь 2024 — ноябрь 2025
MoveGreen коомдук бирикмеси 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын ноябрына чейинки мезгилди камтыган кезектеги жылдык аналитикалык отчетун даярдады. Уюм 2017-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан мониторинг Кыргызстандагы эки ири шаарда абанын булгануусунун сезондук тенденцияларын жана негизги факторлорун байкоого мүмкүнчүлүк берет.
Бишкек жана Ош шаарлары боюнча негизги жыйынтыктар
Маалыматтарды талдоо PM2.5 майда бөлүкчөлөрү менен абанын булгануусу ачык сезондук мүнөзгө ээ экенин жана түздөн-түз жылытуу мезгили менен байланыштуу экенин тастыктайт. Бишкекте отчеттук жыл ичинде катуу бөлүкчөлөрдүн концентрациясы улуттук нормадан ашкан болжол менен 118–120 күн катталган. Булгануунун эң жогорку деңгээли 2024-жылдын 24-декабрында байкалган: ошол күнү PM2.5тин орточо суткалык концентрациясы мамлекеттик нормадан 11 эседен ашык жогору болгон.
Ош шаарында абал туруктуу түрдө чыңалган бойдон калган. Шаар тургундары жыл ичинде 159 күн бою булганган аба менен дем алышкан — бул дээрлик жылдын жарымы. Белгилей кетчү жагдай, борбордон айырмаланып, Ошто нормадан ашуу төрт мезгилдин баарында катталган. Ош шаарындагы PM2.5тин орточо жылдык концентрациясы 74 мкг/м³ түзүп, бул ДССУ сунуштаган коопсуз деңгээлден дээрлик 15 эсе жогору болгон.
👉 Жылдык отчеттун толук тексти жана кеңири графиктер менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.