Экологиялык жана климаттык темалар боюнча журналисттик иликтөөлөр үчүн чакан гранттар сынагы

Экологиялык жана климаттык темалар боюнча журналисттик иликтөөлөр үчүн чакан гранттар сынагы

«MoveGreen» коомдук бирикмеси Кыргызстандагы экологиялык жана климаттык маселелерге арналган журналисттик иликтөөлөрдү колдоо максатында чакан гранттар сынагын жарыялайт.

Сынактын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары экологиялык көйгөйлөрдү, алардын себептерин жана кесепеттерин иликтөөгө, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү даярдоо үчүн каржылык колдоо ала алышат.

Гранттын өлчөмү

Бир журналисттик иликтөөгө 3 000 еврого чейин грант берилет.

Бир редакция ар кандай темалар боюнча бир нече өтүнмө бере алат. Ар бир тема боюнча өзүнчө өтүнмө берилүүгө тийиш.

Кимдер катыша алат?

Сынакка Кыргыз Республикасында катталган жана журналисттик иликтөөлөрдү даярдоо боюнча кеминде үч жылдык тажрыйбасы бар ЖМКлар катыша алат.

Иликтөө бир редакция тарабынан же башка ЖМКлар, журналисттер жана уюмдар менен биргеликте даярдалышы мүмкүн.

Айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери жана редакциялары катышкан биргелешкен трансчек аралык иликтөөлөргө артыкчылык берилет.

Иликтөө үчүн сунушталган темалар

Сунушталган темалар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • салттуу отун түрлөрүн казып алуу жана пайдалануу;
  • шаарларда жана токой аймактарында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу;
  • жаратылыш экосистемаларынын деградациясы;
  • айлана-чөйрөнүн жана абанын булганышы, ошондой эле анын экономикалык кесепеттери;
  • өнөр жайлык чыгындылар жана алардын калктын ден соолугуна тийгизген таасири;
  • топурактын жана суунун өнөр жайлык жана чарбалык калдыктар менен булганышы;
  • климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбасына жана экосистемаларга тийгизген таасири;
  • браконьерлик;
  • ири курулуш долбоорлорунун экологиялык кесепеттери;
  • мөңгүлөрдүн эриши;
  • гринвошинг жана экологиялык мүнөздөгү жалган же такталбаган билдирүүлөр;
  • кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү;
  • башка актуалдуу экологиялык жана климаттык маселелер.

Экологиялык жана климаттык көйгөйлөрдү климаттык адилеттүүлүк өңүтүнөн караган, ошондой эле экологиялык көйгөйлөр жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери калктын аялуу топторуна кандайча ар түрдүү таасир этерин көрсөткөн иликтөөлөр өзгөчө колдоого алынат.

Өтүнмөдө эмнелер маанилүү?

Өтүнмөлөрдү кароодо төмөнкү критерийлер эске алынат:

  • теманын актуалдуулугу жана негиздемеси;
  • иликтөөнүн так жана түшүнүктүү гипотезасы;
  • коомдук мааниси;
  • күтүлүп жаткан натыйжалар жана иликтөөнүн потенциалдуу таасири;
  • өтүнмө ээсинин кесиптик тажрыйбасы;
  • бюджеттин реалдуулугу;
  • материалды жайылтуу жана илгерилетүү планы;
  • мультимедиялык форматтарды колдонуу;
  • климаттык фактчекингди колдонуу;
  • илимий маалыматтарды жана ишенимдүү булактарды пайдалануу;
  • материалдын аналитикалык тереңдиги;
  • тема талап кылган учурда климаттык адилеттүүлүк аспектилерин эске алуу.

Иликтөө кандай этаптардан өтөт?

Катышуучулар тандалгандан кийин иш төмөнкү этаптардан турат:

  1. редакция менен алдын ала маектешүү;
  2. гранттык келишим түзүү;
  3. журналисттик иликтөө жүргүзүү;
  4. ички фактчекинг жана фактыларды кошумча текшерүү;
  5. материалды юридикалык жактан текшерүү;
  6. эскертүүлөрдү эске алуу менен материалды толуктап иштеп чыгуу;
  7. иликтөөнү жарыялоо жана жайылтуу.

Иштин жүрүшүндө катышуучуларга иликтөөнү даярдоонун ар кандай этаптарында көмөк көрсөтө турган менторлор бекитилет.

Жыйынтыктоочу материал видео форматында даярдалышы керек. Материалдар кыргыз же орус тилдеринде даярдалышы мүмкүн: алардын бири негизги тил катары колдонулуп, экинчи тил субтитр түрүндө берилиши мүмкүн.

Ишке ашыруу мөөнөтү

Иликтөөнү даярдоо мөөнөтү — 3 ай.

Ишке ашыруу мезгили: 2026-жылдын сентябрь–ноябрь айлары. Ишти 2026-жылдын ноябрь айынан кечиктирбестен аяктоо зарыл.

Каржылоо

Грант эки этапта төлөнөт:

  • 50% — келишим түзүлгөндөн кийин;
  • 50% — жыйынтыктоочу материал кабыл алынгандан кийин.

Өтүнмөлөрдү ким баалайт?

Өтүнмөлөрдү «MoveGreen» командасы айлана-чөйрө маселелери боюнча квалификациялуу эксперт менен биргеликте карайт.

Өтүнмө берүү https://forms.gle/1EMaEUgN5Feyt85RA

Катышуу боюнча суроолор жаралган учурда сынактын уюштуруучуларына кайрылсаңыздар болот.

Байланыш

Долбоордун координатору: Гульмира Эсенгелдиева
E-mail: [email protected]

Сынак «Климатты коргоо үчүн жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында «MoveGreen» коомдук бирикмеси тарабынан Bread for the World уюмунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

  • 10 Сентябрь 2026 ж.