"MoveGreen" коомдук бирикмеси көчмө иш-чараны уюштуруу боюнча тендер жарыялайт

"MoveGreen" коомдук бирикмеси көчмө иш-чараны уюштуруу боюнча тендер жарыялайт

«MoveGreen» КБ көчмө иш-чараны уюштуруу боюнча тендер жарыялайт.

Өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 6-июлунан 15-июлуна чейин
(иш-чаранын так даталары кошумча макулдашылат)

Иш-чаранын узактыгы: 2,5 күн / 2 түн

Катышуучулардын саны: 25 адам

Иш-чаранын максаты

Катышуучуларды жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыз кылуу жана ишкердик программаны өткөрүү үчүн шарттарды түзүү менен көчмө иш-чараны уюштуруу.

Өткөрүү ордуна жана уюштурууга карата талаптар

  1. Катышуучуларды 2 түнгө жайгаштыруу менен көчмө иш-чараны уюштуруу;
  2. Катышуучуларды 1 жана 2 орундуу бөлмөлөргө жайгаштыруу;
  3. Тамактанууну уюштуруу:
    • 1 welcome coffee-break;
    • 3 түшкү тамак;
    • 2 кечки тамак;
    • 4 жолу суусундуктарды берүү (чай, кофе) кондитердик азыктарсыз;
  4. Кеминде 25 адамга ылайыкталган конференц-залдын болушу;
  5. Конференц-залдын техникалык жабдылышы:
    • экран;
    • проектор же TV;
    • флипчарт.

Коммерциялык сунуштарга карата талаптар

Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  • 1 адам үчүн жайгаштыруунун жана тамактануунун баасы;
  • жайгаштыруунун варианттары (1 орундуу жана 2 орундуу бөлмөлөр);
  • конференц-залды жана жабдууларды ижарага алуунун баасы;
  • камтылган кызматтардын тизмеси;
  • 25 адамдан турган топ үчүн жалпы баасы.

Тапшыруу форматы

Төмөнкүлөрдү жөнөтүүнү өтүнөбүз:

  • коммерциялык сунушту PDF форматында;
  • ар бир документти өзүнчө файл түрүндө.

Кошумча шарттар

  • Жеткирүүчү тейлөө сапатынын жана коопсуздуктун стандарттарын сактоону камсыз кылууга тийиш;
  • Бардык кызматтар жана шарттар коммерциялык сунушта жашыруун төлөмдөрсүз толук чагылдырылышы керек.
  • 25 Май 2026 ж.