Жашыл Кыймыл Академиясы 2.0
Кайра жаралуучу энергия булактары (КЖЭ) чектелген табигый ресурстар шартында жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чарасы катары Кыргызстандын энергетика секторунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Учурда өлкөдө КЖЭнин үлүшү жалпы энергетикалык баланстын болгону 1%ын түзсө да, технологияларды туура орнотуу жана пайдалануу аркылуу гидроэлектростанцияларга болгон жүктөмдү альтернативдүү энергия булактарынын эсебинен азайтуу боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.
2008-жылдан тартып КЖЭ маселелери Кыргыз Республикасынын “Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө” мыйзамынын жана ага тиешелүү бардык мыйзам алдындагы актылардын негизинде мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынып келет. 2022-жылы бекитилген жаңы Салык кодексин кошкондо, тиешелүү ченемдик укуктук актылар КЖЭ технологияларын жеткирүүчүлөр үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды, анын ичинде импорт учурунда салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотууну камтыган жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ар жылы жашыл технологиялар маселеси кызыкдар тараптар арасында талкуунун актуалдуу темасына айланып, Кыргызстанда КЖЭнин өнүгүшүнө багыт берет.