Бул материал – Кыргызстандын жашоочулары кандай аба менен дем алып, эмнеден ооруп жаткандыгын талдоо аракети.

*Гарвард саламаттык сактоо мектебинин окумуштуулары булганган аба COVID-19ду кабылдатып, өлүм коркунучун жогорулатат деген бүтүмгө келишти. Дайыма кооптуу бөлүкчөлөрү бар аба менен дем алуу организмди алсыздантып, өпкөнүн абалын начарлатат жана оорулардын оор симптомдорун козгойт. Абанын булганышы өнөкөт респиратордук ооруларды гана пайда кылбастан, балдардын жана чоңдордун кем акылдыгынын да себеби болушу мүмкүн. 

КЫРГЫЗСТАН

  • Экологиялык абалы жана экосистемалардын жашоо ишмердүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 99-орун (EPI-2019)
  • Абанын тазалыгы боюнча 132-орун (EPI 2019)
  • 2017-жылдын декабрь айынан баштап, Бишкекте экоактивисттер тарабынан абанын булганышын текшерүүчү заманбап жабдуулар орнотулган http://movegreen.kg/map/
  • 2018-жылдан баштап, от жагылуучу айларда (ноябрдан мартка чейин) майда дисперстүү бөлүкчөлөр уруксат берилген чектен Бишкекте бир нече эсеге, ал эми жеке секторлордо 9-13 эсеге жогорулаганы аныкталган
  • 2019-жылы Бишкек шаары AirVisual отчетуна ылайык, абасы булганган шаарлардын рейтингинде 16-орунду ээлеген.
  • 2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 4-апрелине чейин акыркы жылытуу мезгилинде бишкектиктер 150 күндүн ичинен 102 күн өтө булганган аба менен дем алышкан (1–5 ПДК)
  • 2020-жылы Кыргызстандын борбору World Air Quality абанын булганышы боюнча рейтингинде көбүнчө алдыңкы үч орундун бирин ээлеп келген. PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн саны боюнча Бишкек шаары индиялык Дели жана пакистандык Лахор сыяктуу шаарлардан озуп кетти.

ЖЕР ҮЙЛӨРДӨ БАШКАЧА БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС

Качандыр-бир шаар-бакча болгон Кыргызстандын борбору Бишкек бүгүнкү күндө абасы өтө булганган аймакка айланды. Акыркы жылдарда Бишкекте дем алуу уламдан-улам оорлошуп бара жатат, респиратордук оорулар күн санап көбөйүүдө.
Тоолордон алыс, ЖЭБге жакын жайгашкан, көбүнчө менчик үйлөр орун алган шаардын түндүк-чыгыш тарабында абанын көбүрөөк булганганы байкалат.

Чинара Юлдашева 40 жашта. Ал фармакология тармагында эмгектенет, индиялык өнөктөштөрү менен бирге чакан бизнести иштетет. Чинаранын үйү менчик үйлөрдүн катарында негизги жолдун боюнда жайгашкан. Тегерегинде ТТС (техникалык тейлөө станциялары) жана жеке мончолор көп, демек, абадагы газдын өлчөмү жогору. Бул айым тоолор жакка көчүп кеткиси келерин, бирок туугандарынын баары бул жакта жашаарын, мында бизнеси бардыгын, баласы да жакын жердеги мектепке көнүп калгандыгын аргасыз мойнуна алат. Азырынча көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк жок.

“Кышында баарыбыз от жагабыз. Биз 100 кап көмүр сатып алып койдук, жыгач отун да бар. Бул февралга чейин жетет, анан дагы 40-50 кап сатып алыш керек. Кошуналарда деле ушундай. Кээде түндө сыртка чыгып калсаң, түтүн каптап турганын көрөсүң, анан биз ушундай аба менен дем алып жатабызбы деп чочуп кетесиң?! Башка арга жок. Электр жарыгы жакшы жылытпайт. Баары тоңуп, балдар ооруй баштайт. Мешке от жаксаң, үйүң жылуу. Айлана-тегерегиңдин баары ушундай”, – дейт Чинара.

Чинара КР

Чинара үйүндөгү жылытуу системасы кандай курулганын айтып берди 

Бир сезондо бир үй-бүлөгө беш тонна көмүр керектелет. Бирок, бул дагы, анын айтымында, 180 квадрат үйдү жылытууга жетпейт. Юлдашевдердин бир айлык кирешеси – 30-35 миң сом (400 доллардын тегереги). Газ менен жылытуу системасына азырынча өтө албайт.
Газ меши 70 миң сом (875 доллардын тегереги) турат. Сыртынан жылуулукту сактоочу каражаттар менен капталбаган мындай үйдү газ менен жылытуу үчүн айына 30 миң сомдун тегереги (375 доллардын тегереги) төлөнөт.
Юлдашевдер үйдү электр энергиясы менен да жылытып көрүштү, электр жарыгы үчүн бир айлык орточо төлөм 12 миң сомго (150 доллар) жетти. Кээде бул сумма 17 миңге (213 доллар) да чыгып кетип жатты.

Чинаранын айтымына караганда, эгер анын үй-бүлөсү  экологиялык жактан пайдалуураак жол менен үй жылытуу мүмкүнчүлүгүн тапса да, кошуналары алардын жолун жолдоп кетерине ишенүү кыйын.

“Кошуналарыбыз эки жыл мурун бизнес баштады, кышында алар күнүнө буйрутма менен мончо жагышты. Биздин үйүбүз өтө жылуу, анткени чатыры металлдан, жука карапа (черепица) бат ысыйт, терезелерди ачып коебуз. А сырттан куйкум, күйүк жыттанат. Дем алуу оор, мындан өзгөчө балабыз көбүрөөк кыйналат. Ага ингалятор гана жардам берет, болбосо деми кысыла баштайт”, – деп түшүндүрдү Чинара.

«Баласынын абалынын кышкысын өзгөчө начарлашын абанын булганышына байланыштырып, эгер аба таза болсо баламдын дени сак болот эле, — дейт Чинара ишенимдүү. Ал мешине от жагылчу кафеде иштеп жүргөн кезимде баламды оорутуп алдым деп божомолдойт».

Шиф КР

Чинаранын баласы Шиф инженер болууну каалайт

Бул айым Бишкектеги булганган абаны кантип тазаласа болорун билбейт, адамдар өздөрү жасаганга каражат жок, ал эми бийлик эч нерсе кылбай отурат. Жер үйлөрдө жашагандарга жылытуунун альтернативалуу жолуна өткүчө, айып пулду төлөө бир топ арзан түшөрүн кошумчалайт.

Чинаранын ою боюнча, абанын сапаты COVID-19 жугузуп алган адамдардын абалына таасирин тийгизет.

Баарыбыз ооруп айыктык. Апам аябай катуу ооруду, ал жетимиш жашта, өпкөсүнүн 40% жабыркаптыр. Эки тараптуу пневмония болду. Жолдошум бир тараптуу пневмония болуп ооруду. Эжем, жездем, кичүү иним – баары аябай катуу оорушту— деди Чинара.

АБАНЫН БУЛГАНЫШЫ COVID-19 ТАРАЛУУСУНА ЖАНА ООРУНУН ӨТҮШҮНӨ КАНТИП ТААСИР ТИЙГИЗЕТ? 

Пульмонолог, профессор Талантбек Сооронбаев булганган аба COVID-19 таралышы үчүн жагымдуу фактор болуп саналат деп эсептейт.

Катуу бөлүкчөлөр таажы вирусунун алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Булганган аба жүрөк-кан тамыр жана респиратордук ооруларды козгойт, кош бойлуу аялдардын абалын оорлотот. Абанын булгануу деңгээли жогорулаган сайын, COVID-19ду жуктуруп алуу коркунучу күчөйт жана таажы вирусунан каза болгондордун көрсөткүчү өсөт”, — деп түшүндүрдү серепчи.

Медик шаарда жашыл аймактарды көбөйтүү, коомдук транспортторду өнүктүрүү, анын ичинде веложолдорду жана жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөрдү куруу, мындан тышкары катуу отундун толук күйүү технологиясын иштеп чыккан, атайын сертификациядан өткөн мештерди колдонуу менен бул абалдан чыгууга болот дейт.

КАРА ТҮТҮН ТУРУКТУУЛУКТУН КРИТЕРЙИ КАТАРЫ

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Марста жашабайт да, алар деле башка шаардыктар дем алган аба менен дем алышат. Алар иш жаман жагына ооп бара жатканын тушүнүп, 2018-жылы Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын беш жылдык планына кол коюшкан. Бир жылдан кийин жазылган нерселерди кайрадан окуп, пландаштырылган нерселерди талдап чыгышып, Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүшкөн.

Коомчулук аябай ишеним арткан Планды ишке ашыруу аракеттери булгануу булактарына жараша бөлүштүрүлгөн: 

  • Жылуулук кубаттуулугу/менчик үйлөрдү жылытууда газ жана кайра калыбына келүүчү булактар сыяктуу абаны азыраак булгоочу отундун түрлөрүн тандоо   
  • Абаны булгоочу эмиссияларды азайтуу үчүн шаарда ар түрдүү инфраструктураларды жакшыртуу менен байланышкан ишчаралар 
  • Абанын сапатын текшерүү жана мониторинг
  • Транспорт

Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу иштери мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын, мындан тышкары ар түрдүү донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Кыргызстанда иш мерчемдери, донорлор, комиссиянын жана өкмөттүн мүчөлөрү адатка айланган тездикте алмашууда. Өзгөрбөгөн жападан жалгыз нерсе – борбор шаарыбыздын үстүн каптаган кара түтүн.

Бир нече сезон боюнча жарандык мониторингдин маалыматтары:

Кыргызстан боюнча долбоордун авторлошу: Колесникова Мария

«MoveGreen (МувГрин)» (Бишкек, Кыргызстан) экологиялык уюмунун башчысы

© Материал Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (Германия) жана «MediaNet” Эл аралык журналистика борборунун (Казакстан) колдоосу менен ишке ашырылуучу «Журналистиканы өнүктүрүү: климаттын өзгөрүү көйгөйлөрү» долбоорунун алкагында даярдалган

 

comments powered by HyperComments