Общественная организация “МувГрин” объявляет конкурс на проведение журналистских расследований, посвященных актуальным экологическим проблемам Кыргызской Республики.
Для реализации расследований предоставляются малые гранты на сумму до 2500 евро. Средства могут быть использованы для покрытия расходов, связанных с проведением расследования: гонорары команды и привлеченных экспертов, поездки, поиск и обработка документов, проведение интервью, и другие необходимые расходы, связанные с проведением расследования.
Всего будет поддержано 6 расследований.
Участники конкурса
Конкурс открыт для редакций СМИ Кыргызской Республики, которые имеют не менее 3 лет опыта в области расследовательской журналистики. Одна редакция СМИ может предлагать несколько тем для расследований, но на каждую тему требуется подавать отдельную заявку. Расследования могут проводиться как группой журналистов одной редакции, так и в партнерстве с другими редакциями СМИ.
Возможные темы расследований:
Предлагаемые темы для расследований включают, но не ограничиваются следующими направлениями:
- Промышленное воздействие:
- Выбросы промышленных предприятий и их влияние на здоровье населения
- Загрязнение почвы и водоемов отходами промышленных предприятий
- Загрязнения окружающей среды и их экономические последствия
- Добыча природных ресурсов:
- Влияние горнодобывающей промышленности на экосистемы
- Рекультивация земель после добычи
- Незаконная вырубка лесов
- Браконьерство
- Экосистемы и биоразнообразие:
- Деградация пастбищ
- Сокращение популяций редких видов
- Инвазивные виды и их влияние на местную флору и фауну
- Климатические изменения:
- Влияние на сельское хозяйство и продовольственную безопасность
- Таяние ледников и водная безопасность
- Городская среда:
- Экологический след крупных строительных проектов
- Транспортные выбросы
- Зеленые зоны и их сокращение
- Управление отходами:
- Утилизация опасных отходов
- “Зеленая” экономика:
- Расследования случаев гринвошинга
Редакции также могут предложить другие актуальные экологические темы, соответствующие критериям отбора.
Критерии отбора
Заявки будут оцениваться по следующим критериям:
- Актуальность темы экологического расследования и ее обоснованность.
- Наличие четко сформулированной гипотезы.
- Общественная значимость темы.
- Значимость ожидаемых результатов и их возможное воздействие.
- Профессионализм заявителя в области расследовательской журналистики.
- Реалистичность и обоснованность бюджета проекта.
- Использование мультимедийных форматов.
- Наличие плана продвижения материала по итогам проекта.
Условия гранта
С победителями конкурса будет заключено соглашение, на основе которого грант выделяется двумя траншами: 50% — в начале расследования, 50% — после принятия финального материала.
Этапы реализации проектов
- Предварительное интервью (онлайн или оффлайн)
- Заключение контракта
- Проведение расследования
- Фактчекинг
- Правовой скрининг
- Доработка материала
- Публикация и продвижение
Менторская поддержка
Победителям конкурса будут назначены менторы, которые окажут консультационную поддержку на протяжении всего периода проведения расследования и помогут с утверждением финального материала.
Требования к материалам
- Материалы итогового расследования должны быть представлены только в видеоформате.
- Материалы по итогам расследований должны быть представлены на двух языках — кыргызском и русском. Редакция вправе выбрать основной язык и использовать второй язык для субтитров.
Сроки реализации проектов
Расследовательские проекты должны быть завершены в течение 3 месяцев: март, апрель, май, 2025 года. В указанные сроки включены: фактчекинг, оценка материала ментором, юридическая экспертиза и доработка.
Крайний срок завершения — не позднее 1 июня 2025 года.
Подача заявки
Для участия в конкурсе заполните заявку по ссылке: https://forms.gle/ZGFXvPsMxGKJJQYN6
Заявки принимаются до 20 февраля 2025 года включительно. Победители конкурса будут уведомлены в начале марта 2025 года.
Для получения дополнительной информации обращайтесь к координатору проекта “Приверженность защите климата в Кыргызстане и регионе Восточной Европы, Кавказа и Центральной Азии” Гулмире Эсенгелдиевой по эл. почте: [email protected]
Данный конкурс проводится в рамках проекта “Приверженность защите климата в Кыргызстане и регионе Восточной Европы, Кавказа и Центральной Азии”, реализуемого ОО “МувГрин” при поддержке международного агентства “Хлеб для мира” (Bread for the World).
——————————————————————
“МувГрин” коомдук уюму Кыргыз Республикасынын актуалдуу экологиялык көйгөйлөргө багытталган журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча сынак жарыялайт.
Иликтөөлөрдү ишке ашыруу үчүн 2500 еврого чейинки чакан гранттар берилет. Акча каражаты иликтөөнү жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга колдонулушу мүмкүн: команданын жана чакырылган эксперттердин акы төлөмдөрү, иш сапарлар, документтерди издөө жана иштетүү, интервью жүргүзүү жана иликтөөнү жүргүзүүгө байланыштуу башка керектүү чыгымдар.
Жалпы 6 иликтөө колдоого алынат.
Сынактын катышуучулары
Сынак иликтөө журналистикасы тармагында 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын ЖМК редакциялары үчүн гана ачык. Бир ЖМК редакциясы иликтөө үчүн бир нече теманы сунуштай алат, бирок ар бир темага өзүнчө арыз берүү талап кылынат. Иликтөөлөрдү бир редакциянын журналисттер тобу, же башка ЖМК редакциялары менен өнөктөштүктө жүргүзсө болот.
Иликтөөнүн мүмкүн болгон темалары:
Иликтөө үчүн сунушталган темалар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
1. Өнөр жайдын таасири:
- Өнөр жай ишканаларынын чыгындылары жана алардын калктын ден соолугуна тийгизген таасири
- Өнөр жай ишканаларынын калдыктары менен топурактын жана суу объектилеринин булганышы
- Айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын экономикалык кесепеттери
2. Жаратылыш ресурстарын өндүрүү
- Тоо-кен өнөр жайынын экосистемаларга тийгизген таасири
- Өндүрүү иштеринен кийинки жерлерди калыбына келтирүү
- Токойлорду мыйзамсыз кыюу
- Браконьерлик
3. Экосистемалар жана биологиялык ар түрдүүлүк:
- Жайыттардын начарлашы
- Сейрек кездешүүчү түрлөрдүн көбөйүшүнүн кыскарышы
- Инвазивдик түрлөр жана алардын жергиликтүү флора менен фаунага тийгизген таасири
4. Климаттын өзгөрүшү:
- Айыл чарбасына жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири
- Мөңгүлөрдүн эриши жана суу коопсуздугу
5. Шаар чөйрөсү:
- Ири курулуш долбоорлорунун экологиялык изи
- Транспорттук чыгындылар
- Жашыл аймактар жана алардын кыскарышы
6. Калдыктарды башкаруу:
- Коркунучтуу калдыктарды жок кылуу (утилизациялоо)
7. “Жашыл” экономика:
- Гринвошинг учурларын иликтөө
Редакциялар тандоо критерийлерине жооп берген башка актуалдуу экологиялык темаларды да сунуштай алышат.
Тандоо критерийлери
Өтүнмөлөр төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
- Экологиялык иликтөөнүн темасынын актуалдуулугу жана негиздүүлүгү
- Так жазылган гипотезанын болушу
- Теманын коомдук маанилүүлүгү
- Күтүлүп жаткан жыйынтыктардын маанилүүлүгү жана алардын мүмкүн болгон таасири
- Арыз ээсинин иликтөө журналистикасы жаатындагы кесипкөйлүгү
- Долбоордун бюджетинин реалдуулугу жана негиздүүлүгү
- Мультимедиалык форматтардын колдонулушу
- Долбоордун жыйынтыгы менен материалды жайылтуу планынын болушу
Гранттын шарттары
Сынактын жеңүүчүлөрү менен келишим түзүлөт, анын негизинде грант эки транш менен бөлүнөт: 50% — иликтөөнүн башында, 50% — материал акыркы варианты кабыл алынгандан кийин берилет.
Долбоорлорду ишке ашыруу этаптары
- Алдын ала маек (онлайн же оффлайн)
- Келишим түзүү
- Иликтөө жүргүзүү
- Фактчекинг
- Укуктук скрининг (баа берүү)
- Материалды толук кандуу иштеп чыгуу
- Материалды жарыялоо жана жайылтуу
Ментордук колдоо
Сынактын жеңүүчүлөрүнө менторлор дайындалат, алар иликтөө жүргүзүү мөөнөтүнүн алкагында кеңештик колдоо көрсөтүп, материалдын акыркы вариантын ырастоого жардам көрсөтөт.
Материалдарга коюлуучу талаптар
- Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жарыялана турган материал видео форматта гана берилиши керек
- Иликтөө материалы эки тилде — кыргыз жана орус тилдеринде берилиши керек. Редакция негизги тилди тандап, экинчи тилди субтитрлөө үчүн колдонууга укуктуу.
Долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү
Иликтөө долбоорлору 3 айдын ичинде аяктоого тийиш: 2025-жылдын март, апрель, май айлары. Көрсөтүлгөн мөөнөткө: фактчекинг, материалды ментор тарабынан баалоо, юридикалык экспертиза жана толук кандуу иштеп чыгуу кирет.
Аяктоонун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 1-июнунан кечиктирилбеши керек.
Өтүнмө берүү
Сынакка катышуу үчүн шилтеме боюнча өтүнмө толтуруңуз: https://forms.gle/ZGFXvPsMxGKJJQYN6
Өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-февралына чейин кабыл алынат. Сынактын жеңүүчүлөрү 2025-жылдын март айынын башында кабардар болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн “Кыргызстан жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия аймагында климатты коргоого берилгендик” долбоорунун координатору Гүлмира Эсенгелдиевага кайрылыңыздар, электрондук почта: [email protected]
Бул сынак “МувГрин” коомдук уюму тарабынан “Дүйнө учун нан” (Bread for the World) эл аралык агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргызстан жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия аймагында климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында өткөрүүдө.