Келечекти бүгүнтөн өзгөртүп жаткандарга кошул. Биз жаратылыш, адамдар жана туруктуу дүйнө үчүн биз менен бирге аракет кылууга даяр болгон пикирлештерди — кызматкерлерди, ыктыярчыларды жана өнөктөштөрдү издейбиз.
Өзүң жөнүндө айтып бер — балким, дал сен биздин командага андан да тайманбай жана жаркын алдыга жылыш үчүн жетишпей жаткандырсың.
Бош орундар
Аякталды
«MoveGreen» коомдук бирикмеси административдик ассистент / логист кызматына конкурс жарыялайт
Тажрыйбалуу
Белгиленген иш графиги (4/3)
MoveGreen — Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия (ВЕКБА) өлкөлөрүндө экологиялык адилеттүүлүк, жарандык катышуу, жаштардын лидерлиги жана туруктуу өнүгүү багыттарында иш алып барган жарандык экологиялык уюм. Уюм абанын сапаты, климаттын өзгөрүшү, туруктуу шаардык өнүгүү жана экологиялык саясат маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү жамааттарды, жаштарды, эксперттерди, ЖМКларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик мекемелерди жана бизнести бириктирет.
Кызмат орду: Административдик ассистент / логист
Иштөө жери: Бишкек шаары
Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 24 ай
Кызматтын максаты
MoveGreen уюмунун кеңсесинин натыйжалуу иштешин камсыздай турган, иш-чараларды жана кызматтык сапарларды уюштурууда командага колдоо көрсөтө турган, кызмат көрсөтүүчүлөр менен өз ара иш алып бара турган жана уюмдун административдик процесстерин натыйжалуу жүргүзүүгө көмөктөшө турган уюшкан жана жоопкерчиликтүү административдик ассистентти издейбиз.
Жалпы талаптар
Орто кесиптик же жогорку билим;
Административдик, ассистенттик, уюштуруучулук же логистика багытында кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы;
Офистик программаларды, электрондук почтаны, календарларды, булуттуу документтерди жана электрондук таблицаларды ишенимдүү деңгээлде колдонуу;
Кыргыз жана орус тилдеринде сабаттуу оозеки жана жазуу жүзүндө баарлаша билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат);
Ишти натыйжалуу пландаштыруу, бир эле учурда бир нече тапшырманы аткаруу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жөндөмү;
Документтерге жана майда-чүйдө деталдарга кылдат мамиле кылуу, тактык жана жогорку жоопкерчилик;
Уюшкандык, өз алдынча иштей билүү, жакшы коммуникация көндүмдөрү жана командада иштей билүү;
Бишкек шаары боюнча иш сапарларга, иш-чараларды уюштурууга жана Кыргызстан боюнча мезгил-мезгили менен кызматтык сапарларга чыгууга даяр болуу.
Негизги милдеттери
Кеңсенин күнүмдүк административдик ишин камсыз кылуу;
Кеңсе товарларын, чарбалык жана башка керектүү материалдарды сатып алууну уюштуруу;
Имараттын ээси, тейлөөчү компаниялар жана жеткирүүчүлөр менен өз ара иш алып баруу;
Кирүүчү жана чыгуучу каттарды, келишимдерди, актыларды, эсеп-фактураларды жана башка документтерди каттоо реестрин жүргүзүү;
Бекитилген шаблондор боюнча каттарды, арыздарды, катышуучулардын тизмелерин жана башка документтерди даярдоо;
Жолугушууларды, кеңешмелерди жана команданын ички иш-чараларын уюштуруу;
Тренингдерди, конференцияларды жана уюмдун башка иш-чараларын логистикалык жактан коштоо;
Иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү издөө, коммерциялык сунуштарды чогултуу жана салыштыруу;
Катышуучуларды каттоону, тамактанууну, транспортту, жайгаштырууну, техникалык жабдууларды жана таратма материалдарды уюштуруу;
Кызматкерлердин, эксперттердин жана иш-чаранын катышуучуларынын кызматтык сапарларын уюштуруу;
Учак билеттерин, мейманканаларды жана трансферлерди брондоо;
Эсеп-фактураларды, кассалык чектерди, актыларды, отургузуу талондорун жана башка ырастоочу документтерди чогултуу;
Жеткирүүчүлөрдүн, сатып алуулардын, кеңсе жана долбоордук мүлктүн реестрин жүргүзүү;
Келишимдердин мөөнөттөрүн, үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жана учурдагы административдик тапшырмаларды көзөмөлдөө;
Кызматтык милдеттеринин алкагында башка административдик жана логистикалык тапшырмаларды аткаруу.
Биз сунуштайбыз
Коомдук мааниге ээ экологиялык долбоорлордо иштөө мүмкүнчүлүгүн;
Улуттук жана аймактык деңгээлдеги долбоорлорду жана иш-чараларды уюштурууга катышууну;
Кесиптик өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн;
Бир максатты көздөгөн командада иштөөнү;
Эксперттер, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн;
Иштөө жери: Бишкек шаары;
Иш графиги: дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин.
Кантип арыз берүү керек?
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:
резюме;
эмне үчүн бул кызматка кызыкканыңызды түшүндүргөн кыска мотивациялык кат;
каалаган эмгек акыңыздын деңгээли;
эки сунуш берүүчүнүн байланыш маалыматы (эгер бар болсо).
Арыздар 2026-жылдын 21-сентябрь чейин[email protected] электрондук дарегине кабыл алынат.
Каттын темасында сөзсүз түрдө «Административдик ассистент / логист» деп көрсөтүңүз.
MoveGreen алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер менен байланышат.
«MoveGreen» коомдук бирикмеси контент-мейкер кызматына конкурс жарыялайт
Тажрыйбалуу
MoveGreen – Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия (ВЕКБА) өлкөлөрүндө экологиялык адилеттүүлүк, жарандык катышуу, жаштардын лидерлиги жана туруктуу өнүгүү багыттарында иш алып барган жарандык экологиялык уюм. Уюм абанын сапаты, климаттын өзгөрүшү, туруктуу шаардык өнүгүү жана экологиялык саясат маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү жамааттарды, жаштарды, эксперттерди, ЖМКларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик мекемелерди жана бизнести бириктирет.
Кызмат орду: Контент-мейкер
Иштөө жери: Бишкек шаары
Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 24 ай
Кызматтын максаты
MoveGreen уюмунун коммуникациялык командасына сапаттуу фото жана видеоконтент даярдоого, уюмдун долбоорлору тууралуу баяндоого жана заманбап санарип форматтары аркылуу экологиялык жана климаттык кампанияларды күчөтүүгө көмөктөшө турган контент-мейкерди издейбиз.
Талапкерге коюлуучу талаптар
Экологияга, климаттын өзгөрүшүнө жана жарандык активдүүлүккө кызыгуу;
Социалдык тармактар үчүн фото жана видеоконтент даярдоо боюнча тажрыйба;
Кыска видео форматтары (Reels, Shorts, TikTok) менен иштөө тажрыйбасы;
Монтаждоо программаларын (Adobe Premiere Pro, DaVinci Resolve, CapCut же ушул сыяктуу программаларды) ишенимдүү деңгээлде билүү;
Уюлдук телефон жана/же профессионалдык камера менен фото жана видеого тартуу көндүмдөрү;
Социалдык тармактардагы жана санарип контенттеги заманбап тренддерди түшүнүү;
Кыргыз жана орус тилдерин милдеттүү түрдө билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат);
Креативдүү ой жүгүртүү, кадрды туура түзүү жана сторителлинг көндүмдөрү;
Уюштуруучулук, жоопкерчилик жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактай билүү;
Иш-чараларга жана съемкаларга чыгууга даяр болуу;
Климаттык жана экологиялык маселелер боюнча түшүнүккө ээ болуу артыкчылык болуп саналат.
Негизги милдеттери
Коммуникациялык команда менен биргеликте видеоконтент үчүн идеяларды жана сценарийлерди иштеп чыгуу;
MoveGreen уюмунун иш-чараларын, интервьюларын, долбоорлорун жана экспедицияларын фото жана видеого тартуу;
Reels, Shorts, интервью, репортаж жана башка видеоматериалдарды монтаждоо;
Социалдык тармактарда жана башка санарип платформаларда жарыялоо үчүн фото жана видеоматериалдарды даярдоо;
Видеоконтентти ар кандай форматтарга жана платформаларга ылайыкташтыруу;
Уюмдун иш-чараларын, тренингдерин, коомдук демилгелерин жана маалыматтык кампанияларын чагылдыруу;
Контент-планды иштеп чыгууга жана коммуникациялык кампанияларды ишке ашырууга катышуу;
Материалдарды даярдоодо долбоордун командасы, эксперттер жана өнөктөштөр менен кызматташуу.
Иш шарттары
Бир максатты көздөгөн кесиптештерден турган командада иштөө;
Чет өлкөгө кызматтык сапарларга чыгуу мүмкүнчүлүгү;
Кесиптик өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү;
Толук жумуш күнү;
Шаардын борборунда жайгашкан кеңсе;
Эмгек акы маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча, талапкердин тажрыйбасына жана квалификациясына жараша талкууланат
Кантип арыз берүү керек?
21.09.26 чейин (кошо эсептегенде) төмөнкү документтерди:
резюме;
мотивациялык кат;
портфолиоңузга шилтеме (Google Drive, Behance, Instagram же аткарган иштериңиздин мисалдары жайгашкан башка платформа) [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Каттын темасында сөзсүз түрдө «Контент-мейкер» деп көрсөтүңүз.
Маанилүү: талаптарга жооп бербеген же портфолиосу жок жөнөтүлгөн арыздар каралбайт.
«MoveGreen» коомдук бирикмеси Анталияга (Түркия Республикасы) сапарды уюштуруу боюнча тендер жарыялайт.
Тендердин алкагында туристтик компаниялардан Анталияга авиабилетти жана мейманканада жайгашууну камтыган пакеттик турду уюштуруу боюнча коммерциялык сунуштарды берүүнү өтүнөбүз.
Сапардын талап кылынган варианттары:
1-вариант:
📅 2026-жылдын 8–15-ноябры — 7 түн
2-вариант:
📅 2026-жылдын 15–22-ноябры — 7 түн
Саякаттоочулардын саны: 2–3 адам.
Коммерциялык сунушта төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүнү өтүнөбүз:
бир адам үчүн турдун жалпы баасы;
3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардагы жайгашуу варианттары (мейманкананын аталышы, расмий сайтына же booking.com сайтына шилтеме жана ар бир вариант боюнча турдун баасы);
турдун баасына кирген тамактануу түрү;
жайгаштыруу жана бөлмөнүн түрү;
баага кирген жүктүн көлөмү тууралуу маалымат;
брондоону өзгөртүү же жокко чыгаруу шарттары;
коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү.
Ар бир көрсөтүлгөн мезгил үчүн өзүнчө баа сунушун берүүнү өтүнөбүз.
Коммерциялык сунуштарды 2026-жылдын 18-августуна чейин (кошо эсептегенде) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз:
Каттын темасында «Тендер – Анталияга сапар» деп көрсөтүүңүздөрдү суранабыз.
«MoveGreen» коомдук бирикмеси коммерциялык сунуштардагы бааны, учуу шарттарын, жайгашуу мүмкүнчүлүктөрүн жана башка сунушталган шарттарды эске алуу менен эң ылайыктуу сунушту тандоо укугун өзүнө калтырат.